Темир айылынын 200дөн ашуун тургундары пенсияга чыга албай, пенсия албай жүрүшөт

11/10/2021 - 10:29

Бүгүн, 2021-жылдын 11-октябрында, КР Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Акыйкатчынын Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин бир тобу жана Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Чолпон-Ата шаарында  Ысык-Көл районунун тургундары жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту.

Жолугушууну ачып жатып, Акыйкатчы Токон Мамытов “Укук кербени” долбоорунун максаты жана милдеттери тууралуу айтып өттү. 10-декабрь-Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата Омбудсмен Институту тарабынан демилгеленген бул долбоор Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү 2-фаза” программасынын колдоосунда ишке ашууда.  “Укук кербени” иш чарасы 4-октябрда башталып, республиканын 4 облусуна сапар тарткан.

ЫсыкөКөл районунун акими К.Жумадылов КР Акыйкатчысы менен жолугушууда  Темир айылынын 200дөй тургуну туш келген пенсия көйгөйүнө токтолду. Бир кезде “Ленин” совхозу иштеп турган. Кайра куруу мезгилинде совхоз тарап кеткен. Бүгүнкү күндө жарандар пенсияга чыга албай убара тартышууда. К.Жумадылов белгиленгендей, Темир айыл өкмөтү социалдык фондуга чегерүү үчүн каражат тапкан, бирок бир кезде жоюлган совхоздун эсеп-кысабы жабылгандыктан, Социалдык фонд акча каражатын алуудан баш тартууда. КР Юстиция министрлигинде да жардам бере албасын айтышууда.

Кыргызстандын Омбудсмени бул кайрылууну өз көзөмөлүнө алды. Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери жана ишке тартылган юристтер колдо болгон документацияны тыкыр карап чыгып, бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолдорун табуунун үстүндө иштешет.