Тайкеси аркан менен машинага сүйрөгөн баланын энеси Бишкекке келди
Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын кызматкерлери тайкеси тарабынан зомбулукка кабылган баланын иши боюнча мониторингдик ишин улантышууда.
Бүгүн, 2-май күнү, эртең менен баланын апасы Бишкекке учуп келди. Аны КР Акыйкатчысынын орун басары Е.Алимбаев кабыл алды. Акыйкатчынын орун басары ага учурда мигранттардын балдарынын зомбулукка кабылуу маселеси өтө курч турганын белгиледи. “Мындан эки жыл мурда эле Акыйкатчы Институту тарабынан балдарга карата зомбулук маселелери иликтөөгө алынган. Анын натыйжасы көрсөткөндөй, мындай учурларда туугандар жарашып алышып, зомбулук көрсөткөн адам жазасыз калган учурлары бар. Бул мисалда болгон окуя тууралуу бүт дүйнө билет, иш соттук териштирүүгө жетиши керек. Ал мисал башкалар үчүн сабак болуп, балага кол көтөрүүгө жол коюлбашы керек”.
Эне келээри менен Биринчи май РИИБ тергөөчүсү менен жолуккан, өзүнүн баласы менен жолуга элек. Акыйкатчы аппаратынын Балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери бала ооруканадан чыккан соң, зомбулук көрсөткөн тайкеси менен бир үйдө жашабашы керектигин эскертишти.
Эне баласынын паспорту бар экенин, каникул башталаары менен өзү менен чогуу Россияга алып кетээрин айтты. Баланы кароого, окутууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.
Акыйкатчы аппаратынын тийиштүү бөлүмүнүн кызматкерлери баланын энеси жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу ооруканага барып, баладан кабар алышат, ошондой эле алар инисине болушуп, өз баласына психологиялык кысым көрсөтпөөнү баланын энесине эскертишти.
Маалымат иретинде: Баланын энеси Б.П. кесиби боюнча педагог, жогорку билимдүү, адистиги чет тил мугалими. Учурда Москва шаарында окуучуларга репетитор болуп эмгектенет.