Таласта айыл калкы, блокпостторду кайтарып турушат

06/04/2020 - 21:42

Таласта абал тынч. Ар бир айылдын кире беришинде “карантин” деп тосулган.  Айылдын тургундары өздөрү тосуп, башка айылдын тургундарын жана транспорттордуөткөрбөй турушат. Айылга айыл чарба жумушу менен иштеген  жарандарды гана киргизип жатат, билдирди КР Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгүнөн.  Өкүлчүлүктүн кызматкерлери  айыл арасындагы постторду кыдырып, мониторинг жүргүзүшкөн.