Талас РИИБинин кызматкерлери уруп-сабоого жана кыйноого айыпталууда

07/07/2021 - 16:43

2021-жылдын 4-майында КР Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Талас ИИБнин убактылуу кармоочу жайында мониторинг жүргүзүп жаткан учурда Э.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылды.

 Тактап айтканда, ал маалымдагандай, 2021-жылдын 27-апрелинде  саат 20.30, көчмө циркти көрүүгө бара жатканда, аны милициянын эки кызматкери кармап алып, «ичип алдың беле?» деп сурашкан. Терс жооп алган Анарбек аттуу укук коргоо органынын өкүлү  Э.Н.ди негизсиз эле сабай баштаган,  андан кийин ал наркологиялык клиникага алып баратып, жолдон ал оюнан кайтышып коё берип жиберишкен. Бирок, уюлдук телефонун алып калып, телефонун тергөө органдары тарабынан кайтарып аласың-дешкен.

Эртеси (28-апрелде) жабырлануучу Э.Н. Талас ОИИБдин башчысына, ошондой эле Талас облустук прокуратурасына милициянын эки кызматкеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча арыз менен кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, ушул жылдын 29-апрелинде саат 10.00до. 102ге чалып, уюлдук телефонун өзүнө кайтарып берүүнү талап кылган. Ушундан кийин, Канимет аттуу милиция кызматкери менен жолуккан. Ал түшүнүүнүн ордуна, аны дагы сабап салган. Каршылык көрсөтүү иретинде Э.Н. колун устара менен кесип салган. Арыз ээси милиция кызматкерлери аны себепсиз сабап, жалган жалаа менен кармоо менен ыйгарым укуктарынан аша чапды- деп эсептейт.  Ошондой эле Акыйкатчынын өкүлдөрүнөн окуяны териштирип, жогоруда аталган милиция кызматкерлерине чара көрүүгө көмөктөшүүнү суранды.

Бул кайрылуудан кийин Акыйкатчынын Талас облусу боюнча башкармалыгы арыздануучунун жүйөөлөрүн карап чыгуу өтүнүчү менен облустук прокуратурага суроо-талап жөнөттү. 2021-жылдын 18-майында Талас шаардык прокуратурасынан жооп келип, анда Э.Н. арызы  Кылмыштардын жана жосунсуз жоруктардын бирдиктүү реестринде №03-170-2021-000ХХХ КР ЖК 321 бер. 1 б. ылайык катталганын маалымдаган, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кайрылуусу дагы тиркелери айтылды. Талас облустук прокуратурасынан алынган жоопто, учурда жогоруда КЖБРга катталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү   УКМКнын Талас облустук башкармалыгы жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Бул иш Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.