Талас облустук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында олутту кемчиликтер орун алган

05/06/2020 - 15:37

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)  Талас      облусундагы өкүлчүлүгүнө   Талас шаарынын тургуну   С.Ж.   арыз менен кайрылган. Ал арызында баласы Т.И.  Талас районунун Талды-Булак постунан кармалып,   2020-жылдын  26-мартынан   бери   2020-жылдын 30-майына чейин Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайында болгондугун, 2020-жылы 30-майында болжолу менен саат 12-00-13-00 чамасында  белгисиз жагдайда баласынын ичи, колу кесилип, көп кан кетип, ата-энесине билгизбей, Талас облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө алып барышып, канын токтотуп, кайра  Талас ОИИБно алып келгендигин, тааныштардан уккан.

Баласынын акыбалын билүү үчүн  Талас ОИИБ келгенде жолугушууга  убакыт аз болгондугун, баласы ошол жерден кыйкырып “мени тергөөчү Д , адвокат  С., тергөө  башчысы ушуга жеткирди деп”- ыйлагандыгын. Баласы ошол жерден “өлүм алдындагы куш катын” эжесине жашыруун бергенге үлгүргөндүгүн, баласын ошол күнү Кара-Буура РИИБнүн  убактылуу кармоочу жайына которушканын жана ал тууралуу маалымат ала албаганына, ошондой эле жогоруда аты аталган кызматкерлерге карата чара көрүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

2020-жылы бул боюнча Талас  облусунун прокурору Г. Кашкарованын наамына суроо-талап жөнөтүлдү. Анда камерда жалгыз олтурган Т.И. кандай жагдайда  сол колунун үч жеринен, ичи киндигинин  астынан кесилип калганын, аны ким тарабынан кесилгенин, эгер өзү кесип алса, кесүүчү предмети кандай алган?  Камерага киргизүүдө жана чыгарууда УКИ башчысы жана күзөттө  турган кызматкерлер  жеткиликтүү өздүгүн кароо жүргүзбөгөн себебин дыкат текшерүү суралган.

Ошондой эле Т.И. УКИде олтурган жеринен ушундай жаракаттарды алса, ал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, же катталбаганын аныктоону суралган.

Мындан тышкары жогорудагы арыздын негизинде, арызда көрсөтүлгөн жагдайды жеринде текшерүү үчүн, 2020-жылы 2-июнь күнү Талас облусунун Кара- Буура районунун  РИИБ убактылуу кармоочу жайына  барып,  кармоодо отурган шектүү Т.И менен  видео маектешүү өткөрүп, сол колунун үч жери кесилгенин жана курсагынында киндиктин төмөн жагындагы  жаракаттары офото жана видеого тартылып алынган.

Кармоодо отурган Т. И. өзүнүн  өмүрүнүн  коопсуздугунан коркуп, арыз жазуудан баш тарткан, видео маектешүүгө макул болуп, болгон окуяны видео камеранын алдында айтып берди. Маектешүүдөн  кийин УКЖга  “Тез жардам” кызматы чакыртылып, шектүү Т.И. жарат алган жерин  фельдешер кайра таңып берди. Өздүк ишине тиркелген Талас ОИИБнун тергөө кызматынын улук тергөөчүсүнүн  Талас ОИИБ башчысынын жазган билдирүүсүндө Т.И. жана шектүү Б.М. көрсөтмөлөрүндө карама-каршылык болгондуктан, Т.И.ге карата  моралдык жана психикалык кысым  болушу  мүмкүндүгүн  эске алуу менен шектүү Т.И. Кара-Буура РИИБ УКЖсына которууга уруксат берүүнү  суранган.

Анын билдирүүсүндө Т.И. жаракаттары тууралуу сөз жок.

Ошондой эле  Т. И.  өздүк  иши менен таанышууда  Талас облустук ооруканасына  алып барып, медициналык жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымкатта саат канчада, кайсы ооруканага  түшкөндүгүн, нөөмөтчү дарыгердин аты-жөнү жазылбаган, дарылоо мекемесинин штампы жок маалымкат тиркелген. Тиркелген маалымкат эч кандай  талапка жооп бербейт, ким жазгандыгы  белгисиз.

Текшерүүнүн н жыйынтыгы боюнча КР Акыйкатчысынын облустук өкүлчүлүгү жана КР Акыйкатчысынын борбордук офиси тарабынан Көңүл буруу актысы даярдалууда. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Т.И.ге карата Стамбул протоколунун талаптарына ылайык тыкыр медициналык кароодон өткөрүү зарыл деп эсептешет.