Талас медиа борборундагы “Актуалдуу маекте” адам укуктары тууралуу сөз болду

20/11/2020 - 15:06

Акыйкатчы  (Омбудсмени) тарабынан  Адам укуктарынын коргоо куну 10-декабрга карата жарыяланган бир айлыктын алкагында көптөгөн иш чаралар онлайн  тартибинде өткөрүлүп жатат.

Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жакшыгүл Узакбаева Талас облустук медиа борборунда 2020-жылдын 19-ноябрында  “Актуалдуу маек” көрсөтүүсүндө айтып берди. Акыйкатчынын өкүлү  облус аймагындагы окуучулар менен студенттерди КР Акыйкатчысы тарабынан уюштурулган “Биз адам укуктарын билебиз” аталышындагы видеороликтер сынагына катышууга чакырды. КР Акыйкатчы Институту, анын ичинде Талас облустук өкүлчүлүгү тарабынан адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытындагы   иштер тууралуу маалымат берилди.