Студенттер адам укуктары боюнча роликтерин көрсөтүштү

09/12/2019 - 15:09

2019-жылдын 9-декабрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда  мигранттардын укуктары, кыз ала качуу, үй-бүлөлүк зомбулук темасында студенттер тарабынан даярдалган видео роликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле баяндамалар  окулуп, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө кыскача маалымат  слайд түрүндө берилди.

Бир айлыктын алкагында уюштурулган конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана жигердүү катышкан мугалимдерге, студенттерге ЕККУнун Бишкектеги офиси тарабынан даярдалган Диплом, Ардак грамоталар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Мындан сырткары район-шаарларда да бир айлык өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө иш-чаралар дагы да улантылып,  өткөрүлүп жатат.