Соттун чечимисиз камакта кармоо адам укуктарын одоно бузуу болуп саналат

05/04/2021 - 15:13

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына  камакка алынган А.С. таламында анын жактоочусу А.Токтосунов арыз менен кайрылган. Тактап айтканда, арыз ээси Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.С.нын 03-003-2019-00XXX кылмыш ишин кароодогу иш-аракеттерине нааразы болду. А.Токтосуновдун айтымында, анын кардары сот актысы жок 9 күн камакта болгон.

Берилген материалдарды иликтөөдө аныкталгандай, КР Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү 2020-жылдын 24-ноябрында кармалган А.С. соттук териштирүү  учурунда аны камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык, мындай баш коргоо чарасы эки ай сайын узартылып турушу керек, ал эми 2021-жылдын 24-январында А.С. камакта болуу мөөнөтү бүткөн. Бирок, 2021-жылдын 24-январынан 2-февралына чейин ал Бишкектеги №1 ТИЗОдо болгон. 2021-жылдын 2-февралында өткөн сот отурумунда, жактоочу А.Токтосунов 9 күндөн бери мыйзамсыз кармалып тургандыктан, А.С.ны тезинен бошотуу жөнүндө өтүнүч келтирген, бирок Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.С. бул өтүнүчтү четке кагып, кармалган А.С.га карата бөгөт коюу чарасын ушул жылдын 3-февралынан тартып дагы эки айга узартып салган.

Жактоочу А.Токтосунов өз кайрылуусунда Акыйкатчыны өз ыйгарым укуктарынын чегинде чара көрүүнү суранган. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Жогорку Сотуна, Башкы прокуратурага жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына тиешелүү кайрылууларды жөнөткөн, алар учурда каралып жатат. Акыйкатчынын пикиринде, кармалган А.С.нын укуктарын бузуу фактысы тастыкталса, судья Ж.С. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп бериши керек, анткени ченемдик укуктук актыларга жана эл аралык документтерге ылайык, адамды соттун актысы жок камакта кармоо адам укуктарын одоно бузгандык болуп саналат.

Бул маселе  аягына чыкканга чейин КРнын Акыйкатчы Аппаратынын көзөмөлүндө болот.