Сокулук районунун ИИБ тергөө кызматы прокуратуранын бир нече жолу жазган эскертүүсүн эске албай, кылмыш ишинин иликтенишин атайлап создуктурушкан
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына А.К. аттуу жаран Сокулук ИИБ кызматкерлеринин аракетсиздигине арызданып кайрылды.
Атап айтканда, арызды изилдегенде аныкталгандай, Сокулук районунун ИИБ кызматкерлери А.К. арызы боюнча кылмыш ишти иликтөөдөгү кемчиликтерди жоюу чараларын көрүшкөн эмес.
Акыйкатчы институтунун Укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жана ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери арызды карап чыгып, тийиштүү кайрылуу катты Чүй облусунун Сокулук районунун прократурасына жөнөткөн.
Өз кезегинде, прокуратура Акыйкатчы институту жазган каттын негизинде текшерүү жүргүзүп, Сокулук прокуратурасы тарабынан 2014-жылдын 30-сентябрында А.К. жазган арызы боюнча кылмыш иши козголгонун аныктаган. Бирок, бул аралыкта (ушул күнгө чейин) Сокулук ИИБ тергөө кызматында бат-баттан алмашып турган тергөөчүлөр бул иштин курамында кылмыш жок деген чечим менен кылмыш ишин токтотуп коюшкан. Ошол эле убакта прокуратура тергөөчүлөрдүн чечимин жокко чыгарып, А.К. арызы боюнча тергөө ишти аягына чыгарууга жана кошумча текшерүү жүргүзүүгө тергөөчүлөргө кайтарып берген.
Сокулук ИИБ ТК прокуратура жазган эскертүүлөрдү эске албай, мыйзамдын эрежелерин жана талаптарын бузушкан. Буга байланыштуу 2019-жылдын 18-май күнү Сокулук районунун прокуратурасы ИИБ жетекчисине тийиштүү тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн кылмыш иштеги фигуранттардын келип сурак берүүсүн камсыз кылуу боюнча тергөө тапшырмасын берген. Бирок, милиция кызматкерлери кылмыш ишине тийиштүү адамдардын тергөө бөлүмүнө алып келишкен эмес.
Учурда райондук прокуратурасы Сокулук районунун ИИБ ТК жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчилигине жана тергөөчүлөрүнө карата тартиптик мүнөздөгү чараларды кабыл алууга карата Чүй облусунун ШИИБ жетекчисине сунуштама берди
Акыйкатчы аппараты Сокулук районунун ИИБ ТК кызматкерлери прокуратуранын бир нече жолу жазган эскертүүсүн эске албастан, мурда козголгон кылмыш ишти атайлап создуктурганы үчүн бул ишке КР Ички иштер министрлиги көңүл бурушу керек деп эсептейт.