ШИИБ убактылуу кармоочу жайларында камалгандарды милициялар тарабынан кыйноо уланууда. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери май айында 8 жабыркоочудан арыз алды

21/06/2019 - 16:22

Акыйкатчы аппараты прокуратура органы, атайын чакырылган эксперттер жана медициналык кызматкерлер менен бирдикте кармалгандарга карата катаал мамиле жана кыйноо фактыларын аныктоо максатында,  ШИИБ убактылуу жайларында жана Бишкек ш. райондор бөлүмүндө мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Эскертсек, ар кандай убакта, мекеме жетекчилерине жана милицияларга алдын-ала айтпастан текшерилип  жаткан бул иш чара 2019-жылдын апрель айынан башталган. Бир гана убактылуу кармоо жайлары ган эмес,тергөөчүлөрдүн жана опер кызматкерлеринин кабинеттери текшерилип жатат.

Өткөн айда 19 жолу күтүүсүз текшерүү жүргүзүлгөн, анын ичинен: 7- Бишкек ш. ШИИБ УКИ, 5-Бишкек ш. РИИБ жана 7-Шаардык милиция бөлүмдөрү. Бул иш сапарлардын жүрүшүндө камакта отурган 20 жаранга юридикалык кеңеш берилди, катаал мамилеге жана кыйноого кабыл болгон 8 адамдан арыз алынды. Анын ичинен бирөөнө Стамбул протоколунун эрежелерине ылайык документтештирүү үчүн дарыгер чакырылды.

Мисал келтирсек, 2019-жылдын 25-майнда 1994-жылы туулган Г.В. аттуу жаран саат 21-00 чамасында Бишкек ш. Биринчи май районунун РИИИ тарабынан кармалган, тийиштүү бөлүмгө алынып келгенден кийин аны уурулук кылдың деп айыптап, мойнуна  алдыруу үчүн колу, буттары менен денесинин туш тарабына чапкылап, тепкилешкен. Аталган факт боюнча денесинде көгала, тактары тастыкталган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу бар.

Мындан тышкары мониторинг кылган комиссия тарабынан 20-майда 18-20 чамасында Биринчи май райондук РИИБ  кылмыш ишине шектеп К.С. аттуу жаранды кармашкан. Аны милиция бөлүмүнө тергөөчү (Эркин аттуу) алып келип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кылмышты мойнуна алдыруу максатында түртүп, сабаган. Бул факт боюнча травматология бөлүмүнүн кабыргалары сынганы  тастыкталган  корутундусу бар.

Дагы бир факт. 2019-жылдын 31-майында саат 20-0 чамасында 1996-жылы туулган Х.И. аттуу Октябрь районунун ИИБ тергөөчүлөрү  милиция бөлүмүнө алып келишип,  кылмышты мойнуна алдыруу максатында денесинен ар кайсы бөлүгүнө чапкылап, тепкилеп сабашкан. Травматология бөлүмүнөн жабыркаганы тастыкталган корутунду чыккан. Атап айтканда, медициналык эксперттер тарабынан Стамбуль протоколунун эрежелерине ылайык, болжолдуу делген кыйноолор жана катаал мамилелер аныкталды. Акыйкатчы кызматкерлери Х.И. аттуу жарандын денесиндеги көгала,тактардын издерин сүрөткө тартып алышты.