“Шектелип кармалгандардын укуктарын жаңы кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык камсыздоо” аталышындагы тегерек стол өтөт

19/11/2019 - 17:09

Урматтуу кесиптештер, эртең 2019-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы «Park Hotel» отелинин Ballroom залында саат 9-00дө “Шектелип кармалгандардын укуктарын жаңы кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык камсыздоо” аталышындагы тегерек стол өтөт.    

Иш чаранын максаты: Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан  соттук-укуктук реформалардын контекстинде жазык мыйзамдарын имплементациялоого мониторингдин натыйжаларын талкуулоо, ошондой эле кылмыш-жаза соттук өндүрүшүнүн процессинде адам укуктарын сактоо боюнча (жеке кол тийгистикке укук,  кыйноодон жана таш боор мамиледен эркин болуу, эркиндикке укук) сунуштамаларды иштеп чыгуу.

Уюштуруучулар: КР Акыйкатчы аппараты, ЕККУнун Бишкектеги программалык офиси, «Голос свободы» коомдук фонду, “Демократиялык процесстерди иликтөө борбору”, “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонду жана Адам укуктарын коргоо боюнча ассоциациясы.  

Аталган теманы кароого катышууга жана бул теманы чагылдырууга чакырабыз.