Шекафтар поселогундагы кургак учукка каршы ооруканада бүтүндөй корпуска бир эле душ бар, анын да жылуу суусу жок

13/10/2021 - 10:00

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетексиси А.Азарбеков, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери А.Анарботоев жана А.Тожиханов  “Укук кербени” долбоорунун алкагында  Жалал_абад облусундагы Шекафтар поселогундагы облустар аралык кургак учукка каршы ооруканадагы бейтаптардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин жүрүшүндө аныкталгандай, палаталарда бейтаптар үчүн жуунуучу жайлар каралган эмес. Бүтүндөй бир корпуска бир эле душ бар, бирок анын да жылуу суусу жок.  Ажаткана подвалда жайгашкан, санитардык ченемдерге жооп бербейт. Мындан сырткары процедура бөлүмүндө жарактуулук мөөнөтү өткөн дары-дармектер колдонулат.   

Аныкталган бардык кемчиликтер боюнча тиешелүү Актылар түзүлдү. Алар тиешелүү органдарга табылган кемчиликтерди жоюу үчүн жөнөтүлөт.