“Садовое” айылында жер талаш боюнча ведомстволор аралык экинчи комиссия ишке киришти
“Садовое” айылындагы жер тилкелери КР жер боюнча мыйзамдарын одоно бузуу менен берилгени тууралуу текшерүү жүргүзүү үчүн КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 26-апрелинде №49 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия өз ишине киришти.
Комиссиянын курамына киргендер: КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун-басары Э. Аширбаев (комиссиянын төрагасы), Москва райондук администрация башчысы О. Ногоев, Сокулук жана Москва райондору боюнча Экотехинспекция башкармалыгынын жетекчиси А. Ташбаев, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Асанбеков, ошондой эле Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлү Г. Жакыпбекова, Акыйкатчы аппаратынын Социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды коргоо бөлүмүнүн башчысы С. Касымбекова жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү.
Комиссиянын мүчөлөрү “Садовое” айылындагы талаш жараткан жер тилкелерин көрүшүп, арыз ээлери менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришти. Комиссия отурумунун жыйынтыгы боюнча Э.Т. Аширбаев аталган айылдан берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү, бул боюнча укуктук баа берүү жана сунуш киргизүү боюнча тапшырмасын тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине берди. Акыйкатчы аппараты бул маселени көзөмөлгө алып, комиссиянын ишине мониторинг жүргүзүп турат.
Эскертсек: Буга чейин КР Президентининин жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын атына “Садовое” айылынын жашоочуларынын арызынын негизинде ведомстволор аралык комиссия түзүүнүн зарылдыгы боюнча Акыйкатчы институтунун атынан кайрылуусунун негизинде, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен комиссия түзүлүп аталган жер маселеси каралган.
Бирок, комиссиянын жыйынтыгына тургундар канааттанышкан эмес. Анткени, комиссия жер боюнча мыйзам бузуу фактыларын аныктаганына карабастан, жашоочулардын маселеси тийиштүү укуктук талаада чечилген эмес.
Атап айтканда, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз бекитилип берилген Москва районунун 1,07 гектар аянты мыйзамдуу ээлерине кайтарылган эмес, ал эми Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Москва райондук башкармалыгынын жетекчилиги кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байлыныштуу жоопкерчиликке тартылбай калган эле.