РПСБ дарыгерлери “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” КР Мыйзамынын ченемдерин бузганы үчүн жазаланышты

05/10/2021 - 15:53

КР Акыйкатчы  аппаратына арыз ээси С.М. 1928-жылы туулган жаран Г.Е. кызыкчылыгында кайрылган. Арыздан белгилүү болгондой, Республикалык психиатриялык саламаттык борборунун психиатр дарыгерлери тарабынан Г.Е.ге карата анын макулдугусуз күбөлөндүрүү жүргүзүшкөн.  

Бул арыздын негизинде Акыйкатчы аппаратынын тармактык кызматынын кызматкерлери тарабынан РПСБга суроо-талап жөнөтүлүп,  аталган факты боюнча кеңири маалымат берүү суралган.

2021-жылы 4-октябрда РПСБдан жооп келген, анда РПСБнын 2021-жылдын 9-сентябрындагы буйругуна ылайык, кызматтык териштирүү үчүн Комиссия түзүлгөн.  Бул териштирүүнүн алкагында белгилүү болгондой,  жаран Г.Е. өзүнүн психикалык саламаттыгынын абалын күбөлөндүрүүгө макулдук берген эместиги тастыкталды. Ошондой эле аны  андан ары диспансердик байкоо жүргүзүү үчүн каттоого алуу маселеси көтөрүлгөн эмес жана дарыгер-психиатрлар Г.Е. диспансердик каттоого алууга муктаж деген сунуш беришкен эмес.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” КР Мыйзамынын ченемдерин(жарандын макулдугусуз күбөлөндүрүү) сактабаганы жаран Г.Е ысымдуу улгайган кемпирге күбөлөндүрүү жүргүзгөнү үчүн психиатр-дарыгерлерге сөгүш жарыяланган.