Россияда кыргызстандыктардын ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек балдары өз Мекенине кайтуу үчүн жардамга муктаж

09/02/2021 - 14:54

2020-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кеңсесине Москва шаарынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо департаментинин “Центральный” үй-бүлөлүк тарбияны жайылтуу борборунун директору Т.Ю. Телегинден кайрылуу келип түшкөн. Ал өз катында аталган борбордо убактылуу жүргөн, 19.12.2019-жылы туулган А.А. аттуу бала тууралуу жана ал баланын келечектеги жашоосу жөнүндө маселе көтөргөн. Мындан тышкары, кайрылууда Россия Федерациясынын камкорчулук кызматы тарабынан Консулдук бөлүмгө жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү  министрлигине бул баланын мындан аркы жашоосу боюнча кайрылуулар бир нече жолу жөнөтүлгөнү, бирок Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан эч кандай тийиштүү чара көрүлбөгөндүгү маалымдалган.

 2021-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери Акыйкатчынын Россия Федерациясынын Борбордук Федералдык округундагы коомдук башталыштагы  өкүлү Ы. Суранчиев менен жолугушуу уюштурган.  Анын жүрүшүндө 19.12.2019-жылы төрөлгөн А.А.дан тышкары, Кыргыз Республикасынын дагы алты наристе жарандары “Центральный” үй-бүлөлүк тарбияны жайылтуу борборунун кароосунда, ошондой эле репатриацияга муктаж. Алар:  Э.Э. 19.08.2019 ж.т., А.Т. 28.12.2019 ж.т., Д.К. 13.01.2020 ж.т., М.Т. 04.10.2020 ж.т., Д.С. 15.11.2020 ж.т. жана А.Ф. 30.12.2020 ж.т.

Ы. Суранчиев маалымдагандай, ал борбордо жашап жаткандардын ар бири, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандары, квалификациялуу кадрлардын, тарбиячылардын жана дарыгерлердин камкордугу менен курчалып, жагымдуу шартта турушат.

Буга чейин «Центральный» борбордун директору менен ушул борбордо убактылуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын тагдыры жана учурда аларды  материалдык колдоосу менен байланышкан маселелерди чечүү боюнча келишим түзүлгөн. Бирок, коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу, балдарды мекенине кайтаруу процесси эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин убактылуу токтотулган.

Колдо болгон маалыматтын жана аткарылган иштердин негизинде, 2021-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине учурда Россия Федерациясында ата-энесинин камкордугусуз калган, жогоруда көрсөтүлгөн жашы жете элек балдардын ошондой эле үйүнө кайтууга тийиш болгон башка балдарды аныктап, мекенине кайтуу / мекенине кайтаруу боюнча иштерге көмөктөшүү үчүн кат жөнөткөн.

Жооп катында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары У.Э. Маматканов министрлик балдарды Кыргызстанга кайтаруу иштерин 2021-жылдын март-апрель айларында уюштурууну пландап жаткандыгын маалымдаган.