Россия Федерациясына караштуу 30 чөлкөмдө КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы 35 өкүлү иштейт

07/06/2019 - 11:21

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун буйругу менен, ортодо түзүлгөн Меморандумдун негизинде “Кыргыз конгресс” жана “Замандаш” берген сунуштамаларга ылайык,  Россия Федерациясынын ар кайсы чөлкөмүнө КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы адам укуктары боюнча өкүлдөрү, кеңешчилери жана жардамчылары дайындалган. Алар ошондой эле биздин мигранттар жыш жайгашкан чөлкөмдөгү кыргыз диаспораларынын жетекчилигинин сунуштамалары менен да дайындалган. Аларга 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү көрсөтүлгөн тийиштүү күбөлүктөр берилген.

Алардын иш-аракетин Акыйкатчы аппаратынын жарандык-саясий укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматкеркерлеринин укуктарын коргоо боюнча тармактык бөлүмү координациялайт.

Алардын ишмердиги үчүн берилген ырастамалардын мөөнөтүн Акыйкатчы аппараты тыкыр көзөмөлдөп турат, аны узартуу же узартпоо коомдук башталыштагы адам укуктары боюнча өкүлдөрдүн, кеңешчилердин жана жардамчылардын кандай иштегенине көз каранды.

Коомдук башталыштагы өкүлдөр мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүдө астейдил көмөк көрсөткөн мисалдар бар.  Андай оң натыйжалар КР Акыйкатчысынын сайтына мааалымат  болуп жайгаштырылып турат.

Эгерде Акыйкатчы тарабынан дайындалган өкүлдөр, кеңешчилер же жардамчылар компетенттүү эмес келип, бир жыл бою эч кандай иш-аракеттерди жасабаса, Акыйкатчы алардын ордуна башка адамдарды дайындай алат. 2019-жылдын декабрь айында коомдук башталыштагы кызматкерлердин ишинин жыйынтыгы чыгарылат.  Жыл жыйынтыгы боюнча алардын күбөлүктөрүнүн мөөнөтү узартылат же токтотулат.

Акыйкатчынын коомдук башталыштагы ыктыярчылары эгер мыйзамга каршы аракеттерди жасаганы белгилүү болсо, анда алардын ыйгарым укуктары  дароо токтотулат же “Кыргыз конгресстин” же “Замандаштын” жетекчилери КР Акыйкатчысынын айрым өкүлдөрүн мөөнөтүнөн мурда артка чакырып алып, башка талапкерди сунуштай алышат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө  Россия Федерациясына караштуу 30 чөлкөмдө КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы  өкүлдөрүнүн саны 35ти түзөт.