Республикалык окуу борборунун угуучуларына адам укуктары боюнча лекция

25/11/2020 - 13:33

КР Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгынын алкактарында 2020-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын  ИИМ республикалык окуу борборунда КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери 10-декабрь-Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата лекция окушту.  Лекцияга республикалык окуу борборунун угуучулары-тартип коргоо органдарында иштөөгө талапкерлер  катышты.  

Борбордун угуучулары адамдардын негизги укук жана эркиндиктеринин түрлөрү менен таанышышты. Кызыккан суроолорун узатып, тиешелүү жоопторду алышты. Ошондой эле, окуу борборунун угуучуларына КР Жазык кодексине, КР Жазык-процесстик кодексине 2019-жылы 1-январдан тартып кирген жаңы новеллалар тууралуу айтып беришти. Жолугушууда Адам укуктарынын жалпы декларациясында каралган негизги укук жана эркиндиктердин учурдагы мыйзамдарда чагылышы тууралуу да сөз болду.