“Психикалык саламаттык боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу. Учур талабы жана мүмкүнчүлүктөр” аталыштагы тегерек стол болуп өттү

09/11/2019 - 09:50

2019-жылдын 11-октябрында КР Акыйкатчы Институту КР Саламаттык сактоо министрлиги жана “Үй-бүлө жана коом” коомдук бирикмеси  менен биргеликте “Психикалык саламаттык боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу. Учур талабы жана мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы иш чара “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосунда өткөрүлдү.  

Бул иш чарага мамлекеттик органдардын ушул тармакта иш алып барган өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Психикалык саламаттыкты сактоонун маселелери  Кыргыз Республикасын калкынын психикалык саламаттыгын 2018-2030-жылдары  коргоо боюнча мамлекеттик программа КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-августундагы Токтому менен бекитилген “Жаңы доорго кырк кадам”Государственная программа по охране психического здоровья населения Кыргызской Республики на 2018-2030 годы разработана в соответствии с основными приоритетами Программы Правительства КР «Жаны доорго кырк кадам», утвержденной Постановлением Жогорку Кенеша от 25 августа 2017 года.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасына да психикалык саламаттыкты сактоо программасын иштеп чыгууну караштырган иш-чаралар киргизилген.

Ошентип Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2017-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселеси азыркы учурда өтө актуалдуу болуп саналат.

Ушул Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын негизги артыкчылыктарына ылайык иштелип чыккан.

Калктын психикалык саламаттыгын сактоо маселелери Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү тарабынан Саммитте кабыл алынган 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарында чагылдырылган, анда 17 максаттын бири сергек жашоо мүнөзүн камсыздоо жана кайсы курак болбосун бардыгы үчүн бакубаттыкка көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов катышып, Баяндама жасады. Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш чара психиатриялык жактан жабыркаган адамдардын абалын жакшыртууга салымын кошот деп белгиледи Акыйкатчы.