Президент Сооронбай Жээнбеков: Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!

19/09/2019 - 17:06

Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде.

«Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу сыйлык ээлери!

Бүгүн, ушул жыйында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп жаткан мекендештерим олтурасыздар.

Адал эмгегиңер, таза ниетиңер менен абийир таап, жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болдуңуздар.

Баарыӊыздарды жогорку мамлекеттик сыйлыгыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалайм.

Сиздерге сыйлык тапшыруу мен үчүн чоң сыймык.

Сыйлыгыңыздар кут болсун!,-деп белгиледи мамлекет башчысы Жээнбеков Сооронбай Шарипович.

Сыйлангандардын арасында биздин кесиптешибиз, Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын сот органдары менен иштөө жана сот отурумдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн инспектору Матвеева Любовь Павловна да бар. Кесиптешибизди татыктуу сыйлыгы менен чын пейилден куттуктайбыз!