ПРЕСС-ЖАРЫЯ: Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө арналган мини-футбол боюнча жыл сайын өтүүчү VII турнир өтөт

18/07/2021 - 16:14

Ушул жылдын 19-июнунда, ишемби күнү,  Кыргыз футбол союзунун стадионунда (Медеров 2/Б дарегинде; Алматы көчөсү менен кесилишкен жерде) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты “Голос свободы” КФ жана Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору менен биргеликте Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун Эл аралык күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү (2014-жылдан бери) мини-футбол өткөрөт.  Турнир мамлекеттик органдардын, ЖМКлардын жана укук коргоо мекемелеринин командалары арасында болмокчу.

Турнирге катыша турган командалар:

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту;
  3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши;
  4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
  5. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
  6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
  7. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
  8. Кыргыз Адвокаттар Ассоциациясы;
  9. Azzatyk Media;

       Коомдук телерадио корпорациялар;

  1. КТРК. Спорт телеканалы;
  2. "ЭлТР" Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;
  3. Чакырылган "Өнөр" командасы (шоу-бизнес өкүлдөрү);

 

  1. Чакырылган "Адем" командасы ("Адем" бий тобу жана Атай Өмүрзаков);
  2. БУУнун Кыргызстандагы кеңсеси;
  3. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси.

Турнирдин максаты - кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча аракеттерди бириктирүү, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн Кыргызстандагы кыйноолордун терс практикасына жана адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазага каршы биргелешип күрөшүүгө даярдыгын жана чечкиндүүлүгүн көрсөтүү. Кыргызстандагы кыйноолор көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

2021-жылдагы Эл аралык кыйноолордун курмандыктарын колдоо күнүнө арналган футбол боюнча VII турнир  #Правосудие без пыток #Кыйноосуз Акыйкаттык #Make Law NOT Torure лозунгдары алдында өтмөкчү.

Турнирдин расмий өнөктөштөрү: Кыргыз Футбол Бирлиги, Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, OMCT, IRCT, “Шоро” ЖАК болду.

Саат 09: 00дө турнирдин ачылышы жана куттуктоо сөздөрү күтүлүүдө:

  • Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун жетекчилиги/өкүлү
  • Директор КР КАУБ жетекчиси-Рысбеков Б.Т.
  • ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы - элчи А.Рогов
  • Германия Федеративдик Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси - М. Иверсен айым

(Кошумча маалымат алуу үчүн 0554 994588 номерине чалыңыз)