ПРЕСС-АНОНС: КР Акыйкатчы аппаратында мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жарандардын турак-жайын алып коюу маселелери талкууланат

04/12/2019 - 16:09

Эртең, 2019-жылдын 5-декабрда, саат 9-30да, Акыйкатчы аппаратынын конференц-залында ( дареги: Бишкек шаары. Тыныстанов 120 көч. (3-кабат)) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жарандардын турак-жайын алып коюу  жараянын жөнгө салуучу мыйзамдык укуктук-ченемдери жоктугунун натыйжасында келип чыккан маселелердин тегерегинде талкуу болмокчу.

Иш-чара Акыйкатчы институту менен “Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын ортосунда өнөктөштүк жөнүндө түзүлгөн Меморандумдун алкагында,  жарандарынын турак-жайга болгон укугун бекемдөө, ошондой эле КР жарандарынын турак-жайга болгон укугун коргоо тууралу улуттук механизмдерин жакшыртуу үчүн БУУнун сунуштарын жүзөгө ашыруу максатында өткөнү жатат.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда 2009-2019-жылдар аралыгында шаарды калыбына келтирүү максатында жана мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга байланыштуу  жарандардын турак-жайын алып койгон бир топ учурлар катталган.

Турак-жайын алдырып койгон жарандардын кызыкчылыгын жана укугун коргогон  жарандык коом уюмдары бийлик өкүлдөрү  мындай укуктарды одоно бузуп жатышканын айтышып, ошондой эле турак-жайдын ордун толтуруу үчүн берилген каражат абдан аз экенин, жыйынтыгында, жарандар  турак-жайынан ажырап, чыгашага учурап, жабыр тартып, жакыр жашоого кептелип жатышканын баса белгилеп келишет.

ММК өкүлдөрүн бул маселеге кызыктар болсо, чагылдырып берүүгө чакырабыз.