ПЦР анализдин жыйынтыгы жоктугунан улам кармалгандар мыйзам ченемдери бузулуу менен кыска мөөнөттө кармоого ылайыктуу камераларда кармалышууда

29/09/2020 - 16:51

2020-жылдын 28-сентябрында КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери прокуратура органынын өкүлдөрү менен биргеликте  Бишкек  шаарындагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына күтүүсүз текшерүү жүргүзүштү, анда кылмыш жасоого шектелип кармалып, алдын ала кармоо камераларында кармалып тургандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.

Рейд учурунда белгилүү болгондой,  бул РИИБдин кыска мөөнөттө кармоо камерасында (КПЗ) эки жаран кармалып турган: алардын бири– Ш.З. (2020-жылдын 28-сентябрынан бери кармалууда), ал эми экинчиси – Ж. Б. (2020-жылдын 24-сентябрынан бери кармалууда, алар ысык тамак менен камсыз болушпаганын маалымдашты. Текшерүүчү комиссия аныктагандай, КПЗда кармоо шарттары санитардык ченемдерге жооп бербейт, керебет жок (кармалгандар жыгач скамейкада түнөшөт), төшөнчү, кол жуучу жай, жуунучу каражаттар жок.

Свердлов РИИБ кызматкерлери белгилегендей, кармалгандарды ШИИБ убактылуу кармоочу жайына которуу үчүн аларда ПЦР тесттин анализдери зарыл.

Ушуга байланыштуу Акыйкатчы аппараты эскертет, Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды
камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө КР Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, “Шектүүлөр жана айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ченемдер боюнча ден соолукту жана каруу-күчтү сактоо үчүн жетиштүү болгон акысыз тамак-аш менен камсыз болушат” 

Белгилеп коюучу жагдай, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарга карата  тергөө судьясынын тиешелүү токтомдору бар, ага ылайык, бул жарандар Бишкек шаарындагы 31 ТИЗОдо кармалышы керек эле. Андан сырткары кармалгандар убактылуу кармоочу жайларда 48 сааттан ашуун кармалбашы керек. Бирок коронавирус пандемиясынан улам,  ИВС администрациясы кармалгандардын ПЦР тестинин анализин талап кылышат. Өз кезегинде №1 ТИЗОдо да мындай анализ жок жарандарды кабыл албайт. .

Мунун баары соттук чечимдердин аткарылбашына алып келет, натыйжада айыпталуучулардын укуктары бузулат..

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган укук бузуулар боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы КР Өкмөтүнө, Башкы прокуратурага жана КР ИИМге кайрылып, мыйзам бузууларды жана кармалган адамдардын укуктарынын бузулууларын жоюу тууралуу сунуштаманы киргизет.

Ушундай күтүүсүз текшерүүлөр туруктуу негизде республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп турат.