Өзбекстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Акыйкатчы Институтуна келди
Өзбекстандын Олий Мажлисинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Феруза Эшматова Кыргызстандын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна келди.
Жолугушуу учурунда Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди жакындатууда укук коргоо институтунун ролун белгиледи.
«Өткөн жылдарда биздин жарандардын кайрылуулары жана аймактагы укук коргоо күн тартиби сапаттык жактан өзгөрдү. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара кызматташтыгынын, соода-экономикалык байланыштардын жана академиялык алмашуулардын активдештирилиши бизден дагы ыкчам жана ийкемдүү жооп кайтарууну талап кылат», — деди Жамиля Жаманбаева.
Феруза Эшматова Акыйкатчынын пикирине кошулуп, тараптар коңшу мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү жана зарыл кадамдарды жасап жатканын айтты.
Жолугушуунун соңунда тараптар Олий Мажлистин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен Акыйкатчы институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколго кол коюшту.
Меморандумга алгач 2022-жылы кол коюлган.
2025-жылдын ичинде Акыйкатчы институтуна Өзбекстандын жарандарынан 8 кайрылуу келип түшкөн.