Ошто КР кодекстерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор талкууланды

22/04/2019 - 10:48

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту Ош шаарында тегерек стол өткөрүштү. Анда “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору талкууланды.

Бул иш чарага КР Акыйкатчысынын орун басары Е.А. Алимбаев, КР Акыйкатчы Аппаратынын Сот органдары менен иштөө жана сот отурумдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы С.Калчабаев, КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Ош облусунун жана Ош шаарынын укук коргоо органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле адам укуктары боюнча коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Бул талкуунун максаты мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун көңүлүн экстремисттик материалдарды сактоо, таркатуу, өндүрүү, ташып кирүү же ташуу үчүн административдик жана  жазык жоопкерчилигин белгилөө чөйрөсүндөгү келип чыгуучу негизги көйгөйлөргө буруу болуп саналат.