Ош шаарында турмуштук оор жагдайга тушуккан балдарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү

16/12/2019 - 14:46

14-декабрда Акыйкатчынын (Омбудсменинин) Ош облусундагы жана Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, ошондой эле Ош облусунун ШИИБ жашы жете элек балдардын арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун өкүлдөрү, Ош ш. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жашы жете элек балдардын иши боюнча инспекциянын кызматкерлери биригип шаардын ичин жана шаардын борбордук базарынын аймагын кыдырып текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн максаты- балдардын укуктарын коргоо жаатындагы абалга мониторинг жүргүзүү, турмуштук кыйын кырдаалга тушуккан балдар арасында кароосуздук, селсаяктык жана кылмыштуулуктун алдын-алуу боюнча эскертме кылуу болуп саналат.

Текшерүү учурунда борбордук базардан ата-энелери менен бирге контейнерлерде соода кылып жаткан жашы жете элек балдар аныкталды. Аларга (чоңдорго жана балдарга) балдар укуктарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мониторингдин жыйынтыгында, шаар ичиндеги көчөлөрдө лөлү этникалык топко кирген 10-13 жаштагы балдар кайырчылык кылып жүргөн фактылар катталды.

Бирок, ал балдар рейддик топту байкап калып, жашынып, качып кеткендиктен сүйлөшкөнгө мүмкүн болгон эмес. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү белгилегендей, мындай балдарды аймактык пунктка алып барар замат, ата-энелери келип алып кетишет дагы жарым саат өтпөй кайрадан эле кайыр сурап  көчөгө чыгып кетишет. 

Жашы жете электердин укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча ушундай биргелешкен  мониторингдер мындан ары да жүргүзүлүп турмакчы.