Ош шаарында кармалган жарандын иши боюнча Стамбул протоколуна ылайык текшерүү жүргүзүлдү

06/10/2022 - 16:13

2003-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Э. Б., дарыканадагы фармацевт менен урушуп, патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын РИИБине жеткирилген. Ошол жерден аны милиция кызматкерлери сабашып, ага карата ырайымсыз, адамгерчиликсиз, ар-намысты басмырлаган мамиле кылышкан .

Бул ишти Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А.Абдрахматова өз көзөмөлүнө алып, Стамбул протоколуна ылайык текшерүү жүргүзүүнү Ош облустук жана Ош шаары боюнча өкүлүнө тапшырган. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Ош шаарынын №10 ҮМБна барып, Стамбул протоколу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Протоколду №10 ҮМБ клиникалык жетекчиси жана орун басары жүргүздү. Андан соң Акыйкатчы кызматкери менен клиникалык жетекчи жабырлануучу менен бирге шаардык прокуратурага барып, ал жерден Э.Б., Стамбул протоколун тиркеген түшүнүк катын калтырды. 04.10.22-жылы Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, жогоруда аталган токтом боюнча медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Белгилей кетсек, укук коргоо органдары текшерүү процессине кийлигишүүгө жана ур-токмоктун издери анча байкалбай калышы үчүн убакытты узартууга аракет кылып жатышат, буга байланыштуу жабырлануучуга медициналык экспертиза өткөрүү создуктурулуп жатат. Акыйкатчынын Аппараты Ош шаарынын соттук-медициналык экспертизасынын облустук бюросуна жогоруда көрсөтүлгөн жагдай боюнча корутунду чыгаруу процессин тездетүүнү сунуштайт.