Ош облусунда жана Ош шаарында «Жигердүү жарандар» долбоорун ишке ашырууга киришишти

03/03/2021 - 17:37

КР Акыйкатчысы жана “ACTED” техникалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү жана “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин ортосунда түзүлгөн үч тараптуу меморандумдун жоболору ишке ашып баштады. “Жигердүү жарандар” долбоорунун алкактарында эки юрист КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаарындагы өкүлчүлүгүндө кызматка киришти.

Атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 25-февралында  «ACTED» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Н. Мамбетакунова, А.Муратов, Д.Өскөнбаев жана “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин өкүлү А.Ашуров менен жолугушуу болду. Келген меймандар, өз кезегинде, «Жигердүү Жарандар» долбоору боюнча юристтер  » Орзу Алиназаровду жана  Алмазбека Козубаевди Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн жамаатына тааныштырышты.

КР Акыйкатчысынын Ош ш.жана Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Касымов «ACTED» жана  “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук уюмуна Ош шаарынын жана Ош облусунун калкына тиешелүү юридикалык кепкеңештерди берүү жана алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн жарадам көрсөтүп, эки юристти бөлүп бергени үчүн жана адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошуп жаткан салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Жогоруда аталган коомдук уюмдардын өкүлдөрү тарабынан биринчи марттан тартып,  аталган юристтерге телефон жана интернет аркылуу жергиликтүү калкка жана чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү консультацияларды берүүсүнө шарт түзүп, аларга оргтехникалар берилди. Ал эми Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгү юристтерге жумуш орундарын беришти.

Эске салсак, зарыл болгон учурда юридикалык жардамга же укуктук консультацияларга муктаж адамдар 115 шыр байланыш кызматына акысыз чала алышат. Ошондой эле ombudsman.kg сайты аркылуу же   Ombudsman@inbox.ru электрондук дареги аркылуу же телеграмм-каналдагы «Справочник Акыйкатчы» тиркемеси аркылуу кайрыла алышат.

Маалымат иретинде: КР Акыйкатчысы жана “ACTED” техникалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү жана “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин ортосундагы меморандум  2020-жылдын ноябрында түзүлгөн эле.

Бул макулдашуунун максаты – Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын сакталышы чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу жана коргоо болуп саналат. Меморандум катышуучулары үч тараптуу өз ара кызматташуу жана «Жигердуу Жарандар» долбоорунун коюлган максаттарына жетүүгө умтулуу болуп саналат.

Бул долбоор – 5 жылдык программа, ал USAID  тарабынан каржыланат жана FHI360 уюму тарабынан ишке ашырылат. Анын өнөктөштөрү болуп, ACTED  жана “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” КБ эсептелет.

Белгилеп коюу керек, дагы үч юрист ушул долбоордун алкагында КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратында өз милдеттерин аткарууга киришти.