Опера жана балет театрынын артисттери Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын жеке кабыл алуусуна келишти
Бүгүн, 2021 -жылдын 11 –августунда, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттеринин тобу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) келишти.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов арыз ээлеринин эмгек укуктарына байланышкан көйгөйлөрүн кунт коюп укту. Артисттердин маалымдашынча, алар тараптардын укуктары жана милдеттери так жазылган эмгек келишими жок иштешет. Балет тобунун бийчилери коммерциялык спектаклдерге катышканы үчүн акы төлөө, ошондой эле аларды материалдык жактан камсыздоо маселелерине тынчсызданышат - аларга атайын бут кийим жана кийим -кече (трико, пуант туфли) камсыз кылынышы керек. Мындан тышкары, дифференциацияланган эмгек акы маселелери чечилүүгө тийиш, ошондой эле балет труппасынын жетекчисинин компетенциясын кароо зарыл (арыздануучулар труппанын артисттеринин ишине карата кесипкөй эмес мамилеге даттанышат ж.б.).
Артисттердин айтымында, , “театрдын жетекчилиги ушул айлар бою балет бийчилерине кысым көрсөтүүнү жана куугунтуктоону улантууда. Балет артисттеринин ар-намысын жана кадыр -баркын басмырлоо дайыма болуп жатат”.
Арыз ээлеринин айтымында, “Балет ар дайым мамлекеттин имиджин жогорулатуучу жана улуттун маданий жана руханий саламаттыгын алып жүрүүчү стратегиялык маанилүү искусство түрү болуп келген. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө балет- мамлекеттин сыймыгы деп бекеринен айтылган эмес. Балет, опера, кино ж.б. искусство жок улут жакыр, адеп -ахлаксыз жана жок болуп кетүү коркунучунда болот”.
Ошондой эле, арыз ээлери мурда кайрылган уюмдардын эч бири аларга тийиштүү жазуу жүзүндө жооп бербегенин жана көйгөйлөрүн чечүү үчүн чара көрбөгөнүн жазышат. Бир гана Свердлов районунун прокуратурасы администрация тарабынан тартип бузуу фактысын таанып, маалыматты Маданият министрлигине жөнөткөн, министрлик өз кезегинде эч кандай чара көргөн жок, жада калса этибарга албай келет. Артисттердин ар кайсы уюмдарга жазган кайрылууларынын баарына министрликтин статс-катчысы Б.Секимов гана жооп даярдап жаткандай таасир калтырат, ал эми кезектеги жолугушууларда министр К.Иманалиев эч нерсени билбейм деген түр көрсөтөт.
Бүгүнкү күнү труппанын курамына Бишкек хореографиялык окуу жайынын (БХУ) 18 жашка чейинки студенттери кирген, бул КР Эмгек кодексине каршы келет.
Эске сала кетсек, 2021 -жылдын 6 -мартында жергиликтүү труппа россиялык артисттердин катышуусу менен “Лебединое озеро” балетине катышуудан баш тарткан, анткени бул эмгекке атайын каражаттардын эсебинен кошумча төлөм каралган эмес.
Жолугушуунун аягында алар жазуу жүзүндөгү арыздарын калтырышты.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын артисттеринин укуктарын коргоо маселеси - Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын Жарандардын социалдык – экономикалык жана маданий укуктарын коргоо бөлүмүнүн көзөмөлүндө.