Онкологиялык илдеттин 4-стадиясы менен жабыркаган оорулуулар мыйзам ченемдерине ылайык жаза өтөөдөн бошотулушу керек

30/10/2020 - 10:53

КР Акыйкатчысынын наамына «Эл жана Мыйзам» коомдук бирикмесинин төрайымы А. Иманалиева соттолгон А.Г. кызыкчылыгында кайрылып, аны КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборуна жаткыруу маселесине жардам көрсөтүүнү суранган.

Улуттук онкология жана гематология борборунун 2020-жылдын 21-февралындагы корутундусунун негизинде А.Г. “Ашказандын рак илдетинин 4-стадиясы, лимфатүйүндөрдөгү метастазалар,  карциономатоз» диагнозу коюлган.

А.Иманалиеванын арызында көрсөтүлгөндөй,  А.Г. туугандарынын жана адвокаттарынын  КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына бир нече жолку кайрылуулары  натыйжа берген эмес.  ЖАМК жана Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы бюрократиялык башаламандыктан улам А.Г. ооруканага жаткыруу маселеси да чечилбеген бойдон калууда.

Азыркы учурда соттолгон бул адамдын саламаттыгы кескин начарлап кеткен (өз алдынча ары-бери жүрө албайт жана сүйлөй албай калат).

Белгилеп коюу керек, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы  Токтомуна (№745) ылайык, эгер соттолгондордо зыяндуу шишик, рак илдетинин IV стадиясы аныкталса (эл аралык классификация боюнча ЕТM IV клиникалык тобу), аны жаза мөөнөтүнөн бошотууга негиз болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Акыйкатчы Токон Мамытов КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК төрагасына жана КР Саламаттык сактоо министрине тиешелүү каттар менен кайрылып соттолгон А.Г. онкологиялык дарттын 4-стадиясына чалдыккандыгына байланыштуу аны тез арада онкологиялык клиникалык ооруканага которуу жана андан ары жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотуу үчүн комиссиянын кароосуна киргизүү маселесин чечүүнү суранды.