Онкологиялык дарттын IV стадиясындагы оорулууну Аламүдүн райондук соту жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотту

10/06/2019 - 11:12

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Сагыналиев  15-апрель күнү КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №31 ТКда өткөн  көчмө  соттук отурумда  ден соолугунун абалы начарлаган И.М.ди жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотуу чечимин кабыл алды.

Сот отурумунда  №31 ТК башчысы Т.Тобушев соттолгон И.М.ди калган жазасын өтөөдөн бошотууну суранган. №31 ТК  башкы дарыгери  Степанова Е.И. судьяга соттолгон И.М. оорусу сейрек оору, ал оору соттолгонду жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотуу үчүн негиз болуучу  оорулардын катарына кирээрин, эл аралык классификация боюнча. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациясы боюнча 4-клиникалык топтогу бардык залалдуу шишиктердин IV стадиясына кирээрин белгиледи.

Адвокат Саркисов Н сотко, соттолгон И.М. дарты өтүшүп, териси толугу менен ириңдеп баратканын, аны жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн өтөөдөн бошотууну суранды.

КР Акыйкатчы Аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндикти чектеген жайларда адам укуктарынын сакталышы боюнча бөлүмүнүн башчысы  А.Колопов, соттолгон И.М.дин апасы Акыйкатчыга арыз менен кайрылганын, И.М.дин оорусун тастыктоо үчүн  КР Саламаттык сактоо министрлигине жана Кызыл крест эл аралык уюмуна кайрылганын, натыйжада комиссия түзүлүп иштегенин  түшүндүрдү  (КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө мыйзамынын 8-беренесинин 12-пунктуна ылайык “ден соолугунун абалына байланыштуу болбосо дагы башка жүйөлүү себептер менен адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жөнүндө арыз менен өз алдынча кайрыла албаганда сотко кайрылууга, ошондой эле мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте жеке өзү же өз өкүлү аркылуу сот процессине катышууга) укуктуулугу жазылган. Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын Басма сөз кызматы буга чейин да Акыйкатчы Аппараты эскертет: онкологиялык оорулардын IV стадиясындагы соттолгондор жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу керек деген аталышта маалымат жарыялаган болчу (http://ombudsman.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=899&catid=67&lang=kg&Itemid=319).

Соттолгон И.М. да судьяга кайрылып жасаган кылмышы үчүн өкүнөөрүн, ден соолугунун начар абалынан  улам жаза өтөөдөн бошотуу өтүнүчүн билдирген. 

Аламүдүн районунун прокурорунун жардамчысы Д.Дооронбаев №31 Түзөтүү колониясынын жетекчилигинин  сунуштамасына каршылык билдирген жок.

Жогорудагыларды эске алуу менен судья №31 ТК жетекчилигинин сунуштамасын канааттандырып, соттолгон И.М.ди калган жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотууда КР КЖКнын 71-беренсинин (1997-жылдагы редакциясы) ченемдерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №745 токтому менен бекитилген “Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 488 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр
2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген) 
эске алган.