Өмүр бою эркинен ажырагандар аларга министрликтин өкүлдөрү жана КР ЖК депутаттары көңүл буруусун өтүнүшөт

10/03/2020 - 15:37

2020-жылдын 9-март күнү КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү Молдовановка айылында жайгашкан ЖАМКнын №1 түзөтүү мекемесине барып, ачкачылык жарыялаган өмүр бою эркинен ажыратылып соттолгондор менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан  эркиндиги  чектелген жана эркинен ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын  көзөмөлдөө  бөлүмүнүн кызматкерлерине өмүр бою эркинен ажыратылгандар эмне үчүн тамак-аш ичүүдөн баш тартып, ачкачылык жарыялаган түшүндүрүштү. Анткени, 01.01. 2019-жылдан тартып ишке кирген жаңы кодекстердеги (ЖК, ЖжК, ЖПК, ЖАК жана  "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө")  гумандаштыруу аларга каралган эмес. Ал гана эмес, мөөнөт өтөп жаткан жайдагы абалы күчөтүлүп, алардын кылмыш иштерин кайра карап чыгуу боюнча мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылганына нааразы болушту. Бул маселе боюнча алар Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана Жогорку Кеңешке кайрылышкан бирок алардын биринен дагы жооп келген эмес.

Учурда №1 түзөтүү мекемесинде  өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны-50. Алардын экөө ден-соолугуна байланыштуу ачкачылык  кармай алышкан эмес, калган 48 тамак-аш ичүүдөн баш тартышкан.