Окуучулардын массалык уулануу фактысы боюнча маселе КР Акыйкатчысынын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө

11/12/2020 - 10:57

КР Акыйкатчысынын Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Аламүдүн районунун Байтик айылындагы “Кут билим” окуу-тарбиялоо комплексинин окуучуларынын массалык түрдө уулануу фактысы боюнча млниторинг жүргүзүштү.

Мониторинг учурунда белгилүү болгондой, уулануу аталган-окуу тарбия комплексинин ашканасында тамактануудан болгон. Уулануунун айынан жабыркаган 23 адам Бишкектеги балдар клиникасына жаткырылган.  Бейтаптар 8 жаштан 20 жащка чейинкилер. Уулануунун алгачкы белгилери 8-декабрь күнү кечки тамактан кийин пайда болгон. 9-декабрга карата дээрлик бардык бейтаптар  ооруканадан чыгарылган. 7-класстын окуучусу “А.Э” ооруканада калтырылган, дарыгерлердин маалыматына караганда ал уулануудан башка да башы айланганына даттанган.

Уулануунун себеби Санитардык эпидемиологиялык станциянын дарыгерлери тарабынан  жүргүзүлүп жаткан токсикологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык териштирүүдөн кийин аныкталат.

Окуу жайдын жетекчилигинин маалыматына ылайык, аталган комплексте  170 окуучу жашап, окуйт, анын ичинде 7-11-класстардын окуучулары да бар.  Мектепте орун алган уулануу инцидентинен кийин окутуу толугу менен онлайн формага өткөрүлгөн.

“Кут билим” окуу –тарбиялоо комплексине окуу жайдын өзүндө окутуу форматына КР Билим берүү министрлигинен уруксат берилгенби же жокпу, маселе азырынча ачык бойдон турат.  

КР Акыйкатчысынын Чүй облустук өкүлчүлүгү Аламүдүн районунун прокурору  Р.Маженовго кат менен кайрылып, жеринде иш жүргүзүүчү ыйгарымдуу органдардын (текшерүүчү жана укук коргоо  органдарынын) ишин координациялоону жана прокурордук таасир этүү чараларын көрүү маселесин кароо үчүн кайрылуу жолдонду.

Жогорудагы факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР-ЕРПП) катталган жана сотко чейинки өндүрүш башталган.

КР Акыйкатчысынын чүй облустук өкүлчүлүгү бул маселе боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишине мониторинг жүргүзөт жана окуучулардын укук жана эркиндиктерин бузууга алып келген бул окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча иштерине тыкыр мониторинг жүргүзүүнү улантат.