Октябрь райондук сотунда жарандарга көңүл кош мамиле жасалат

22/12/2022 - 12:49

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунда сот отурумдарынын катышуучулары коридордо дубалга жөлөнүп тик турган учурлары көп. Анткени аларга жетишерлик санда отургучтар каралган эмес. Натыйжада улгайган адамдар да сот отуруму башталганга чейин олтурарга орундук табышпайт. Сотко келүүчүлөргө түзүлгөн шарт  үч эле орундук коюу менен чектелген.  

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты КР Сот департаментине кайрылуу жолдоп, анда республиканын бардык сотторунда, анын ичинде Октябрь райондук сотунда келүүчүлөр үчүн зарыл шарттарды түзүү сунушун жолдоду.

Эске салсак, КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери КР жарандарынын кайрылуулары боюнча республиканын бардык инстанциялардагы сот отурумдарына мониторинг жүргүзүшөт, аларга укуктук консультацияларды беришет жана процессуалдык кодексте каралган ченемдердин бузулууларына өзгөчө көңүл бурушат.