О. Михайлов Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча кеңешчилигине дайындалды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов өзүнүн буйругу менен Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча коомдук башталыштагы кеңешчилигине Михайлов Олег Павловичти дайындады. О. Михайловго тийиштүү күбөлүк берилип, кайсы чөйрөдө Акыйкатчы Институтуна пайдалуу иш кыла турганы айтылып, ыйгарым укуктары түшүндүрүлдү.
О. Михайловдун турмуштук тажрыйбасы бай. Ал мамлекеттик жана коомдук иштерде бир топ жыл эмгектенген. Ал өзүнүн эмгек жолун 1957-жылы Мамлекеттик айыл чарба техникалык көзөмөлүндө механик болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин анын эмгек таржымалында өйдө көтөрүлүп, 1959-жылдан баштап Кордай райондук комсомолдук уюмуна катчы болуп шайланган. Андан соң Жамбыл облустук комсомолдук уюмуна II катчы болгон. 1972-1986 жылдары Коммунисттик партиянын Талас райондук комитетинин экинчи катчысы, Талас шаардык комитетинин биринчи катчысыболуп иштеген.
Ишмердүүлүк жылдарында райкеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кыргызстандагы пенсионерлер партиясынын төрагасы. О. Михайловдун көп жылдык эмгеги бааланып, эки жолу “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.