«Новосибирск-Бишкек» каттамынын жүргүнчүлөрү «Толмачево» аэропортуна жакын жерге жайгаштырылды жана аларга күнүнө эки жолку ысык тамак уюштурулган

30/03/2020 - 09:31

Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугунун консулу Мээримбек Апышов менен жана “Толмачево” аэропортунун администрациясы жана “Новосибирск-Башкек” каттамынын айрым жүргүнчүлөрү менен байланышышты. Жүргүнчүлөр учурда аэропортто жана Кыргызстанга кайта албай олтурушат.

Жогоруда аталган адамдар телефондон Акыйкатчы аппаратынын Жарандык-саясий укуктарды, мигранттардык, чет өлкө жарандарынын, жарандыгы жоктордун жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак уулу Замирге маалымдагандай, Новосибирск шаарындагы кыргыз диаспорасы жана КР РФтеги Элчилиги тарабынан “Новосибирск-Бишкек” каттамынын 100дөн ашуун жүргүнчүлөрүнө күн сайын эки жолу ысык тамак уюштурулуп, берилүүдө.  маалымдагандай. Алынган маалыматтарга ылайык, алардын көпчүлүгү шаар четиндеги, аэропортко жакын мейманкаларга жайгаштырылган. Ал эми алты жүргүнчү аэропорттун ичиндеги транзиттик зонада турушат, алар да ысык тамак менен камсыздалышууда. Алардын учуусу жана Кыргызстанга кайтуу маселеси чечилүү алдында турат..

Ал эми ушул авиакаттамдын айрым жүргүнчүлөрү тарабынан видеокайрылууда айтылган («24.kg»маалымат агенттиги тарабынан жарыяланган) “Толмачево” аэропортунун жетекчилиги биздин жарандарды аэровокзалдын имаратынан чыгып кетүүсүн талап кылган деген айыптоо тастыкталган жок. Консул М.Апышов маалымдагандай, ушул аэропорттун транзиттик зонасында турган, Алмаз деген жүргүнчүнүн айтымында, мындай талаптар аэропрттун өкүлдөрү тарабынан да, Россия полициясы тарабынан да болгон эмес, “Бизди бул жерден эч ким кубалаган жок”,-деди Алмаз.

Ал эми кыргызстандыктардын Новосибирск шаарынан Бишкекке учуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселеге келсек, бул маселе азырынча чечиле элек, маселе каралуу стадиясында турат.