Ноокен РИИБ Убактылуу кармоочу жайында Жазык-процесстик кодексинин ченемдерин одоно бузуулар аныкталды
Бүгүн, 2021 -жылдын 12 -октябрында, “Укук Кербени” долбоорунун алкагында КР Акыйкатчысынын аппарат жетекчиси А.Азарбековдун жетекчилиги алдында, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 3 –берененин 3-бөлүгүнүн негизинде Ноокен районунун РИИБнин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүштү.
Тергөөдөгү камалгандардын өздүк делолорун таанышуу процессинде, Х.Б. аттуу жаран КР Жазык кодексинин 266-беренесинин1-бөлүгүнүн (Ээнбаштык) негизинде кылмышка шектүү деп табылып, 2021 -жылдын 13 -августунда Ноокен соту 2021 -жылдын 11 -октябрына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Бирок, үстүбүздөгү жылдын 12 –октябрында ал соттун чечими жок УКЖда кармалып отурган. Бул мыйзамды одоно бузуу болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 116-беренесинде , "камоо бөгөт чарасы катары соттун чечими менен гана колдонулат" деп жана 117-беренеде “сотко чейинки өндүрүштү жана алдын алуу чараларын узартуунун шарттары аныкталат”-деп жазылган.
Ошондой эле, мониторингдин жүрүшүндө УКЖ аптечкасында мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер бар болгону аныкталган, ал эми бир нече шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгенде медициналык текшерүүдөн өтүшкөн эмес.
Жогорудагы фактылардын негизинде тиешелүү Акттар түзүлдү, алар мамлекеттик тийиштүү органдарга жоопкерчилик чараларын көрүү жана мыйзам бузууларды четтетүү үчүн жөнөтүлөт.
Андан соң, КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин райондун тургундары жана активисттери менен жолугушуусу болуп өттү. Бардык келип түшкөн оозеки кайрылуулар жана жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы мыйзамда белгиленген тартипте арыз ээлерине билдирилет.
"Укук кербени" долбоорун ишке ашыруу Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү, 2 -баскыч" программасынын колдоосунда мүмкүн болду.