Наталья Силина жана анын адвокаты КР Акыйкатчысына ИИМ Ички аскер бөлүгүндөгү чыныгы абал тууралуу айтып беришти

21/05/2021 - 14:34

КР Акыйкатчысынын кеңсесинде Токон Мамытов менен КР ИИМ Ички аскер бөлүгүнүн контракттык кызматынын аскер кызматчысы ефрейтор  Наталья Силина жана анын адвокаты Куралдуу күчтөрдүн полковниги Юрий Скатневский менен жолугушуу болду.

Эске салсак, мурда Наталья Силина жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу КР ИИМ Ички аскер бөлүгүндө түзүлгөн жагымсыз абал жана оор материалдык абал жана моралдык психологиялык атмосфера тууралуу, ошондой шартта ИИМ Ички иштер аскерлери кызмат өтөөрү тууралуу маалымдаган эле.  

КР Акыйкатчысы менен баарлашуу учурунда Наталья Силина жетекчиликтин жана командирлердин күнөөсүнүн айынан  Ички аскер бөлүктөрүндө болуп жаткан терс көрүнүштөр тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле “Шер” атайын бөлүгүндө түздөн-түз орун алган кемчиликтер тууралуу оюн ортого салды.Мындан тышкары, ал КР ИИМ жетекчилиги сыйлык катары жазып алган 2 млн. 600 миң сом өлчөмүндөгү каражат тууралуу да айтты. Н.Силинанын оюнча алар ай сайын 450 сом өлчөмүндө шаардык телефон байланышы үчүн 450 сом төлөөдөн кыйналышат. Ошондой эле ал КР ИИМ Ички аскер бөлүгүнүн жетекчилиги жана командирлери тарабынан аскер кызматкерлеринин ортосунда түзүлгөн контрактта жазылган: толук кандуу тамак-аш менен камсыздоо жана атайын багыттагы бөлүктүн аскерлерин буюмдар менен камсыздоо ж.б. боюнча  өз милдеттерин аткарышпаганы  тууралуу да айттып өттү.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Н.Силинанын адвокаты КР Акыйкатчысы Токон Мамытовго кайрылып, Н.Силинанын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана Наталья Силинанын жеке коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүүнү суранды. Анткени ага карата ИИМ тарабынан жана “Шер” атайын бөлүгүнөн айрым адамдар тарабынан коркутуулар болуп, Наталья өзүнүн КР ИИМ Ички аскер бөлүгүнүн жетекчилигине буга чейинки айткан айыптоо жана дооматтарынан баш тартуусун талап кылуулар болуп жатканын белгилешти. Н.Силина өзү маалымдагандай, өзү ижарага бөлмө алган үйдүн жанынан арткы номери жок жеңил машинадан ага байкоо жүргүзүп жаткан адамдарды бир нече жолу көргөнүн  маалымдады.