Нарында адам укуктары боюнча викторина өткөрүлдү

27/12/2021 - 12:12

2021-жылдын 25-декабрында Нарын облустук  С.Орозбаков атындагы мамлекеттик маалымат китепканасында 10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун, 3-декабрь-Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, 1-декабрь- Эл аралык антиспид күнүнө, 9-декабрь Коррупцияга  каршы күрөшүүнүн , 18-декабрь -Мигранттарды  колдоонун Эл аралык күндөрүнө  арналган  Нарын шаарынын мектептеринин  7-10-класстарынын  окуучуларынын арасында «Дискриминацияны        токтотуу, корруцпцияга каршы күрөшүү»  ж.б. Адам укуктарын коргоонун  Эл аралык күндөрүнө арналган командалык таймаштар  викторина форматында өткөрүлүп,  жеӊүүчү командаларды  салтанаттуу аземде сыйлоо өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары катары КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча Өкүлчүлүгү, С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалымат китепканасы, .№2 Чкалов мктебини окуучуларынын лидерлери болушту.

       3 адамдан турган комиссия түзүлүп, анын төрагасы   КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Джаанбаев, мүчөлөрү .Сатарова Упагүл -  Облкитепкананын кызматкери,  Кадыркулова Бактыгүл - «Жаӊы Ысым» коомдук уюмунун башчысы бекитилди.

Комиссиянын чечимине ылайык, .Баш байге (Гран при) - №2 Чкалов мектебинин командасы. КР Акыйкатчысынын Диплому жана КР Акыйкатчысынын өкүлчүлүгүнүн  атынан  акчалай сыйлык.

Биринчи орун- №-7 мектептин командасы.Уюштуруучулардын  грамотасы.

Экинчи орун-  №-9.№10 мектептеринин командалары. Уюштуруучулардын  грамотасына татыктуу болушту.

Топтолгон упайлардын тен болгондугуна байланыштуу,  эки командага тең экинчи орун берилди.

       Жеӊүүчү командалардын ар бир катышучуларына    КР Акыйкатчысынын буклеттери,блокноттору жана китепкананын  атынан китептер  берилди.