Нарын шаарындагы КР ЖАМКнын №24 мекемесине мониторинг жүргүзүлдү
2021-жылдын 10-ноябрь күнү Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү “Кылым шамы” коомдук фонду жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү менен бирге КР ЖАМКнын №24 тергөө изоляторуна мониторинг жүргүзүштү.
Мекеменин кызматерлери иш алып баруучу административдик корпусу толук ремонттон өткөрүлгөн, абалы жакшы. Ошондой эле жолугушуу, көп убакытка жолугушуучу жана тергөө жүргүзүү бөлмөлөрү да минималдык стандартка ылайыкталган. Бирок, ошол эле учурда чарба шаймандары ж.б. мекемеге тиешелүү буюмдарды сактоочу сарайы кыйроо абалда экени көрүндү.
Тергөө изоляторундагы камактагы адамды кармоочу тартип имараты (режим корпусу) ичи-сырты косметикалык ремонттон өткөрүлгөн, видео камералар коюлган, “онлайн” режиминде иштейт, суу менен камсыз болгон, мончосу иштейт жана сейилдөө аянтчасы минималдык талаптарга жооп берет.
Мониторинг жүргүзүү учурунда аталган тергөө изоляторунда бардыгы болуп 32 адам ар кандай кылмыш жасагандыктан кармалып турушкан. Алардын 23 адамы боюнча тергөө иштери жана сот процесстери жүрүп жаткан, ал эми түрмө режимине соттолуп жазаларын өтөп жаткандар 5 адам, соттун чечимдери чыгып этап күткөндөр 2 адам, чарба иштеринде эмгектенгендер 2 адам бар экени аныкталды.
Кармалып тургандар менен жолугушуп аңгемелешүүгө соттун чечимдери чыкпай, соттун өндүрүшүндөгү бир жылдан ашык камакта кармалып турган 4 адам аныкталды.
Бардык кармалып тургандар кармоо режимине, тамак-аш, медициналык тейлөө боюнча даттанышкан жок.