Нарын облустук медиаборборундагы түз эфир адам укуктарына арналды

27/11/2020 - 13:15

10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Нарын областы боюнча өкүлчүлүгүндө түзүлгөн   планга ылайык иш чаралар жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын 27-ноябрь күнү Нарын облустук медиаборборунда Акыйкатчынын аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тойгонбай Жаанбаев түз эфирде болду. Теле көрүүчүлөр адам укуктарынын ар кайсы багыттары боюнча суроо узатышып, тиешелүү жоопторду алышты. 40 мүнөт ичинде чалган теле көрүүчүлөр балдар укуктары, алимент өндүрүү маселелери, турак жай укуктары жана башка көптөгөн суроолор узатылып, тиешелүү жооптор берилди.