Нарын облустук китепканадагы адам укуктары боюнча көргөзмө

18/11/2020 - 15:46

Нарын облустук Сагымбай Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 72 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды.

Бул иш чара КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан жарыяланган Адам укуктарынын бир айлыгынын иш планынын алкагында аткарылды. КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Жаанбаевдин сунушу  боюнча ишке ашты.  Облустук китепкананын директору Анара Байгубатованын пикиринде,  адам укуктары боюнча китеп көргөзмөнүн ачылышы окурмандардын адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу маалымдуулугун кеңейтет.  18-ноябрда бул жерде 11-класстын окуучуларынын арасындагы “Мен жана менин укуктарым” дил баян сынагы башталды. Жеңүүчүлөр 10-декабрь - Адам укуктары күнүнө карата аныкталат.