Нарын-медиаборбору Т.Жаанбаев: “Биринчи жолу балдардын укуктарын коргоо боюнча бир айлык жарыяланды”

25/02/2022 - 16:07

КРнын Акыйкатчы институтунун  20 жылдык тарыхында биринчи жолу балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тойгонбай Жаанбаев билдирди.

Анын маалыматында, “КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени)  тарабынан буга чейин адам укуктары боюнча бир айлык иш-чаралар уюштурулуп келген.  Бирок институттун 20 жылдык тарыхында биринчи жолу балдардын укуктарын коргоо жөнүндө буйрук чыгарылып, атайын бир айлык жарыяланды.  Себеби акыркы мезгилде, экономикалык абал,  жетишсиздик, айрыкча пандемия  маалында элдин баары жумушсуз үйүндө отуруп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар  көп болду. Бул учурда  балдар дагы жабыркайт. Биз турмушта мындай көйгөйдүн бар экенин көтөрүп чыгып, алдын алуу иштерин уюштурушубуз керек”,-деди Т.Жаанбаев.

Буйруктун аткарылышын  жүзөгө ашырууда Акыйкачынын өкүлчүлүгү иш-чаралардын  бир айлык планын иштеп чыккан. Анын алкагында  Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы жатак мектеп-лицейинде, “Аруу-Тилек” кризистик жана Ак-Талаа районундагы  “Азык” инклюзивдик окутуу борборлорунун жашоо шарттарына, санитардык гигиеналык абалынын сакталышына мониторинг жасалат.

Ошондой эле жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттырынан малыматтар берилип, үгүт-насаат иштери жүргүзүлөт. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, облустук, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн социалдык педагогдорунун катышуусунда бир айлыктын алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, маалымат берилет. 

Маалымат үчүн белгилесек, Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнө 2020-2021-жылдар ичинде облус аймактарында балдарга карата зомбулуктар боюнча  кайрылуулар түшкөн эмес.  Ал эми 2018-жылы Ак-Талаада 18 жашка толо элек кызды мажбурлап күйөөгө берүү боюнча, 2019-жылы  Ат-Башы районунда бир эле факт боюнча жалпы эки кайрылуу болгон. (Ч.Токтогулова).