Мыйзам менен чатагы балдардын иши боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү талкууланды

10/07/2018 - 15:51

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Акыйкатчы Институту «Лигал просперити» эл аралык уюму менен биргеликте Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын сактоо иштери боюнча комиссиянын ишине жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыктарын талкуулоо болуп өттү. Талкулоого тийиштүү мамлекеттик органдардын мүчөлөрү дагы катышышты.

Талкуу учурунда комиссиянын ишмердүүлүгүнө бир катар сын-пикирлер айтылып, бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде балдар кодексине толуктоолорду киргизүү боюнча иштеп жаткан жумушчу топко кат жүзүндө сунуштарды жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине ылайык Акыйкатчы жыл сайын 1-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мурунку жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын бирикмелеринин, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана өздөрүнүн иш-аракеттери (аракетсиздиги) менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузган алардын кызмат адамдары, адамдын жана Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо тууралу мыйзамдарда табылган кемчиликтер жөнүндө баяндама берет.

Ошого байланыштуу Акыйкатчы Институту практикада адамдардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүдө коомдук, бейөкмөт уюмдарды тартып жана айрым учурларда эл аралык уюмдар менен биргеликте өткөзөт жана мониторингдин жыйынтыктарын талкууга алып чыгып жылдык жана атайын баяндамаларга кошот.

Эске салсак, 2017-жылы Акыйкатчы Институту “Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” деген баяндама жазган. Баяндамада көйгөйлүү маселелер бир топ мисалдар менен келтирилип, аны чечүү жана балдар укуктарынын талапка ылайык сакталышы үчүн Акыйкатчы тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш киргизген болчу.