Москвада Кыргызстан менен Россиянын Акыйкатчылары кызматташтык жөнүндө протколго кол коюшту

28/08/2023 - 09:53

Москва шаарындагы Россиядагы Адам укуктары үйүндө Кыргызстандын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева менен Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын расмий жолугушуусу болду.

Эки өлкөнүн Акыйкатчылары 2023-2024-жылдарга Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен КРнын Акыйкатчысынын ортосундагы биргелешип аракеттенүү жөнүндөгү протоколго кол коюшту.

Джаманбаева КРнын Акыйкатчы институту Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту менен өз ара пайдалуу кызматташтыкта болооруна ишенээрин белгилеп өттү.

“Мен бүгүн кол коюп жаткан документ, Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо институттарынын ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүш үчүн чоң түрткү берет деп ишенем. Жакынкы келечекте биз алдыга койгон тапшырмаларды ишке ашырабыз, Кыргызстандын аймагында жүргөн Россиянын жарандарынын, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарынын бузулушу боюнча биргелешкен талдоо жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы менен эл аралык кызматташтыктын жана мигранттардын укуктарын коргоо боюнча маселелердин механизмдерин иштеп чыгабыз”.

Акыйкатчы Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө Россияда жашап жана эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз сиздин биздин жарандарга карата ар бир көңүл бурууңузду жогору баалайбыз. Бизде Россияда жашаган жарандардын өзгөчө көңүл бурууну жана аларды чечиш үчүн көмөк көрсөтүүнү талап кыла турган бир катар маселелер жана көйгөйлөр бар”,-деп айтты Акыйкатчы.

Москалькова эки өлкөнүн Акыйкатчы институттарынын ортосундагы биргелешип кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюу - Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча кызматташуудагы маанилүү тарыхый окуя экенин белгилеп өттү.

“Россия менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо институттарын гумандуулук, айкөлдүк жана адилеттиктин жалпы принциптерине негизделген бекем достук мамилелер байланыштырып турат. Россиянын аймагында эмгектенип жаткан көп сандаган мигранттар жана студенттер биздин кийлигишүүбүздү талап кыла турган айрым учурларга кабылышат. Биз Россиянын да, Кыргызстандын да аймагында адам укуктарынын сакталышына кепилдик берип жана адамдардын жашоосун жеңилдете турган өз ара аракеттердин планын даана көрүп жатабыз”.