Милиция тарабынан ур-токмокко алынган жарандарга Акыйкатчы УКЖга барып жолукту

17/06/2022 - 11:48

16-июнда, Акыйкатчынын аппаратына Аламудун РИИБдө шектүү катары кармалган жарандардын ур-токмоко алынышы тууралуу маалымат түшкөн. КР Омбудсмени А. Абдрахматова аппараттын кызматкерлери менен бирге, маалыматты тастыктоо үчүн Аламүдун райондук ИИБнө барган учурда, кармалган адамдарды Бишкек ШИИБнүн УКЖна алып кеткени маалым болду, аталган жерге барганда УКЖдын кызматкерлери аларга эч ким алынып келбегендигин билдиришкен.

Издеп жүрүп аларды Чүй облусунун Москва, Сокулук РИИБнүн УКЖнан таап, шектүү катары кармалган жарандар менен А. Абдрахматова өзү жолугуп сүйлөштү. Бири Москва УКЖда болсо, экөө Сокулуктун УКЖда кармалып турушкан. Сокулук УКЖда кармалып турган экөө арыз жазуудан баш тартышты, бирөөсүнүн оң көзүндө шишик байкалган. Москва УКЖда кармалып турган өз арызын жазып берди. Бул боюнча тийиштүү иштер башталды.

Айта кетчү жагдай, Аламүдүн РИИБнүн кызматкерлери тарабынан Омбудсмендин иш алпаруусуна тоскоолдуктар болуп, жеринде АКТ түзүлдү. Бул боюнча дагы тийиштүү иштер алып барылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесине ылайык, "эч ким кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш, эркиндигинен ажыратылган ар бир адам ар-намысы кемсинтилбеген адамгерчиликтүү мамиле жасалышына укуктуу".