Мигранттардын эл аралык күнүнө карата Бүткүл россиялык «Кыргыз конгресси» коомдук уюмунун кезексиз (IV) съезди болуп өттү

21/12/2021 - 12:05

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы менен Бүткүл россиялык “Кыргыз Конгресси” коомдук уюмунун (президенти К.Кожоев) ортосунда кол коюлган меморандумдун негизинде Россия Федерациясында иштеген мигранттардын.эмгек  укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана сактоону көзөмөлдөө боюнча биргелешкен жана макулдашылган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө «Кыргыз конгресси» жана «Замандаша» ассоциациясынын жетекчилигинин сунуштамасынын негизинде Россия Федерациясынын субьектилериндеги Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын коомдук башталышта ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, кеңешчилери жана жардамчылары дайындалышты. Максаты жана милдеттери Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын жана алардын Россияда жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга жана сактоого көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуунун алдын алуу жаатында өнөктөштүк мамилелерди түзүү болуп саналат. .

Мигранттардын эл аралык күнүнө (18-декабрь) карата 2021-жылдын 20-декабрында Москвада КР Элчилигинин, Россиянын мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрүнүн жана Москвадан Камчаткага чейинки аймактардын  диаспора өкүлдөрүнън катышуусунда бүткүл россиялык “Кыргыз конгресси” коомдук уюмунун кезексиз IV сьезди болуп өттү. Бул уюмдун президенти К.Кожоев өз сөзүндө «Кыргыз конгресси» 2017-жылы Россия Федерациясынын Юстиция министрлиги тарабынан каттоодон өтүп, «бүткүл россиялык» статуска ээ болгон, Россия Федерациясынын курамында 56 аймактык жана  Россиянын ар кайсы субьектилеринин 23 жергиликтүү бөлүмдөрү бар орусиялык кыргыздардын жападан жалгыз ири бирикмеси экендигин белгиледи.

Съезддин негизги максаты – орусиялык кыргыздарды консолидациялоо, Кыргызстандын жана көп улуттуу Россия элинин маданий жана тарыхый мурастарын сактоого көмөк көрсөтүү, алардын ортосундагы тынчтыкты, достукту жана ишенимди чыңдоо болуп саналат. Дагы бир артыкчылыктуу милдеттеринин бири-маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, улуттар аралык мамилелерди шайкеш келтирүү жана чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Кыргызстандын ЕАЭБ боюнча келишимге кошулушу кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын бир топ жеңилдетти. Анткен менен мекендештерибиздин абалын татаалдаштырып жаткан бир катар чечилбеген маселелер бар. Тактап айтканда, миграциялык каттоодон өтүү тартиби, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам алуу, мыйзамдуу ишке орношуу, эмгек акыны өндүрүү ж.б.у.с. Бул маселелер Евразиялык экономикалык комиссиянын алкагында биргелешкен аракеттер менен чечилиши керек.

Россиялык кыргыздар Кыргызстан менен тыгыз байланышын үзбөй, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо үчүн “коомдук дипломатиянын” ресурстарын толук колдонууда.

Эске салсак, «Кыргыз Конгресс» коомдук уюму жана «Замандаш» ассоциациясынын жетекчилигинин сунуштамасы боюнча дайындалган Россия Федерациясынын субъектилериндеги Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, кеңешчилери жана жардамчылары мигранттарыбыздын укуктарын коргоодо олуттуу жардам көрсөтүүдө.