Мектебин, мугалимдерин жана класташтарын сагынган окуучу 17-кабаттан түшүп кеткен
2020-жылдын 23-октябрында жалпыга маалымдоо каражаттарында көп кабаттуу үйдүн 17-кабатындагы батирдин терезесинен секирип түшүп каза болгон 4-классынын окуучусу тууралуу маалыматты КР Акыйкатчы аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үхй-бүлө укугун коргоо бөлүмү өз көзөмөлүнө алган. Каза болгон окуучу тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигине суроо-талап жөнөтүлгөн.
Аталган министрликтен министрдин орун басары Н.Жусупбекованын колу коюлган жооп алынган. Ага ылайык, Бишкек шаарынын №62 орто мектебинин 4-классынын окуучусу Д.Д. каза болгону боюнча төмөнкүлөрдү маалымдады.
2020-жылдын 21-октябрь күнү саат 16-40 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ нөөмөт бөлүмүнө 102 кызматынан Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан 38-үйдүн 17-кабатынан болжол менен 10-15 жаштагы бала кулап кеткени тууралуу маалымат келип түшүп, ыкчам тергөө тобу келип чыккан.
Окуя болгон жерди кароо учурунда төмөндөгүлөр аныкталган: Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан №38 үйүнүн тургуну 2010-жылы туулган Д.Д. өзү жашаган батирдин терезесинен секирип кетип каза болгону аныкталган. Өлүктү кароо учурунда анын жанынан эч нерсе табылган эмес.
Телефондогу ватсапп смс билдирүүлөрүндө классташтары менен сүйлөшүүлөрү аныкталган. “Мектепти, мугалимдеримди жана классташтарымды сагындым, эртерээк окуу башталса жакшы болот эле” деген сөздөр жазылган.
Териштирүү учурунда каза болгон баланын аты жөнү аныкталган.
Класс жетекчисинин мүнөздөмөсүндө: бала боорукер, сылык, ачык айкын, сабакта орточо академиялык жөндөмгө ээ болгон. Сүйлөөсү, эс-тутуму, ой жүгүртүүсү өнүккөн. Эркин окуп, математика сабагын жакшы көрчү. Атасы 1981-жылы туулган, эч жерде иштебейт. Апасы 1988-жылы туулган, сулуулук салондорунун биринде иштечү.
Аталган факт боюнча 2020-жылдын 22-октябрь күнү окуя боюнча чогулган иш кагаздары Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Д.Д. жансыз денеси КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу соттук-медициналык экспертизага жеткирилип, өлүктүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Белгилей кетүүчү нерсе, КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине №62 гимназиянын соцпедагогу Т.Абайханова берген мүнөздөмөдө: Д.Д. өзүн жакшы алып жүрчү, окуучулар менен урушчу эмес жана боорукер бала болчу. Ата-энеси ага жакшы мамиледе болуп, мектептеги чогулуштарга активдүү катышып турушкан. Соцпедагог катары Давиддин ата-энесине эч кандай дооматы жоктугун маалымдаган.
Учурдагы пандемия шарттары, карантин учурундагы аргасыздан аралыктан окуу жана социалдык аралыкты сактоо баланын психикасына доо кетириши мүмкүн. Аны экспертизанын жыйынтыгы аныктайт.