Мекен коргоочулардын укуктарынын сакталышы көзөмөлдө

21/09/2018 - 14:53

2018-жылдын 18-сентябрь күнү Акыйкатчы аппаратынын аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак уулу Замирбек Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын прокурордун жардамчысы, кичи лейтенант Б.Мойдунов менен биргеликте Бишкек шаарында жайгашкан гауптвахтаны жана Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнө барышып, аскерлердин абалы, жашоо-шарты менен таанышып, алардын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүп, пландуу мониторинг жүргүзүп келишти.

Бишкек шаарында жайгашкан гауптвахтада бүгүнкү күндө беш аскер камакта отурат. Алардын төртөөнө кызматтык абалдан кыянаттык менен апйдалануу, кызмат ыйгарым укуктарынан аша чабуу, жана пара алуу  беренелери боюнча тергөө иштери жүрүп жатса, бирөөнүн баңги каражаттарын сатып алуу, сактоо, жайылтуу беренеси боюнча иши сотто каралып жатат.

Бардык камакта отургандар менен жекеме-жеке маектешүү болуп  арыз, даттануулар жок экендиги аныкталды. Өз убагында тамактанып, эс алып жаткандыгын айтышты. Кечкисин телевизор көрүүгө шарттары бар экен. Андан сырткары караулдук имараттын абалы менен таанышып,  кызмат өтөп жаткан катардагы аскерлердин  укуктары, эркиндиктери бузулбаганын уктук. 

Ал эми Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө дагы  мөөнөттүү кызматтарын өтөп жаткан катардагы аскерлер менен жекеме-жеке маектешүү болуп, пландуу мониторинг жүргүзүлдү. Катардагы аскерлердин денелеринин тазалыгы аскер бөлүктүн фельдшери менен  биргеликте текшерилди. Аскерлер тарабынан эч кандай ларга маалымат берщщ менен биргеликте алардан кандай арыз, даттануу болгон жок. Андан кийин алардын уктоочу жайын, тамактанган ашканасын жана дарылануучу бөлмөлөрү текшерилди. Кемчилик табылган жок.

Жолугушуу учурунда аскерлерге укуктарын, эркиндиктерин сактоо боюнча профилактикалык түшүндурмө сабак өткөрүлдү. 

Бир жылдын аралыгында  мөөнөттүү милдеттерин өтөп жаткан төрт катардагы жоокерлер ден-соолугуна байланыштуу, медициналык кароонун жыйынтыгы менен үйлөрүнө жиберилген. Эгерде аскерлер катуу ооруп калса госпиталга алынып барылат жана комплекстүү медициналык жардам берилет.

Ошондой эле, Акыйкатчы аппараты жогорку окуу жайын бүтүп №73809 аскер бөлүгүндө милдетин өтөп баргандар, 18.09.2018-жылы бир айлык курсту өтүү үчүн башка корпуска которулгандарына күбө болушкан. Аларга бир айдан кийин аларга офицердик «лейтенант»  наамы берилип үйлөрүнө кетишерин билдиришти. Айтса кетсек, Кыргызстандын түндүгүндө кызмат өтөгөндөрдүн баары ушул аскер бөлүгүндө курсту өтүшөт.