Мажбурлап дарылоого чечим чыккан жаран Талас облустук ИИБ УКЖда 3 айдан ашуун мыйзамсыз кармалууда

07/03/2022 - 14:59

2022-жылы 4-мартта  Кыргыз Республикасынын  Акайкатчысынын  (Омбудсменинин)  Талас      облусу боюнча  өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана Кыйноолордун алдын алуу Улукттук борборунун  Таластагы өкүлү менен  бирдикте Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна (УКИ)на  мониторинг жүргүзүүгө барышты.  Ал жерде кармалгандардын саны-19, алардын бири-аял, жашы жетпегендер жок. 

Убактылуу кармоочу изоляторунда  кармалган адамдарды  кармоонун мыйзамдуулугун  жана негиздүүлүгүн тастыктоочу документтерди текшерүүдө, кармоо мөөнөттөрүнүн өздүк  иштерин   кароо учурунда  1962-жылы туулган Р.Б. кармалып турган, ал   Кыргыз Республикасынын КЖКнын 161-беренесинин 4-бөлүгү менен айыпталган, бирок  акыл эси жайында эмес болгондугуна байланыштуу КР КЖКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүнө  ылайык жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, КР Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү менен айыптоо боюнча жазык иши КР Жазык-Процесстик Кодексинин 473-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде өндүрүштөн кыскартылган жана КР Жазык кодексинин 117- беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Б.Р. күчөтүлгөн байкоого алуу менен психиатриялык госпиталдаштыруу тартибинде Талас райондук сотунун 2021-жылдын 24- ноябрындагы токтому менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканага жайгаштыруу жөнүндө токтому кабыл алынган.

Токтомду аткаруу  жагы  Талас  областтык ички иштер башкармалыгына жүктөлгөн.

2021-жылы 8-декабрда Талас областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан  Б.Р. этап менен Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканага  жеткирилген.

Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасында орун жок болгондугуна байланыштуу  күзөт дарыгери  Б. Эргешов  тарабынан бейтапты ооруканага жаткыруудан баш тартылган.

2022-жылы 19-январда  жана 2022-жылы 21-февралда Талас ОИИБнын башчысы М. Асанов тарабынан   Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканага Б.Р. кабыл алууну сурап, оорукананын башкы дарыгери  Г.  Минбаевага  жөнөтүлгөн каттар   жеткирилген.

Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык оорукананын   башкы дарыгери Г.Миңбаеванын жооп катында Республикалык психиатриялык оорукананын (РПО) мажбурлап дарылоо бөлүмү 50 орунга ылайкташтырылган, бүгүнкү күндө 53 адам жатат.

Ошондуктан кабыл ала албай тургандыгын билдирген.

Р. Б.  үч айдын аралыгында Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайында мыйзамсыз кармалууда. Соттун Токтомунун негизинде  Р,Б. Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканагада госпиталда болууга тийиш.

КР Акыйкатчысынын талас облустук өкүлчүлүгү тарабынан  Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысына кат жолдонуп, анда  Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында үч айдан ашуун мөөнөттөн бери  мыйзамсыз  кармоодо отурган  Б.Р.  тез арада  Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканага  госпиталдаштырууну, тиешелүү кызматтык териштирүү уюштурууну  жана мыйзам чегинде чара көрүүнү, ошондой эле бул маселени өз көзөмөлүнө алуу өтүнүчү билдирилди.

Бул маселе КР Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.