Маркум Үмүтбекке - “Акыйкат” медалы

12/12/2020 - 09:37

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов коомчулуктун өкүлдөрүн 10-декабарь -Адам укуктарын коргоо күнүнө карата сыйлады. Сыйлангандардын арасында 5-6-октябрдагы окуяларда шейит кеткен Алтынбек уулу Үмүтбек да бар.  КР Акыйкатчысынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу жана КР Акыйкатчы аппаратынын сыйлыктар боюнча комиссиясынын чечимине ылайык Алтынбек уулу Үмүтбек  “Акыйкат” медалы менен (өлгөндөн кийин) сыйланды.

Ал жарандык активдүү позициясын көргөзүп, эртеңки адилет бийлик жана акыйкаттык үчүн жан берген. 19 жаштагы жигиттин жаркын элеси баарыбыздын эсибизде түбөлүккө сакталат.  “Акыйкат” медалын Үмүтбектин атасынын бир тууганы Джуматаев Таалайбек ке 10-декабрь күнү адам укуктарына арналган иш чарада КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тапшырды.